Бишкекте жылуулук качан өчүрүлөрү айтылды

Бекитилген критерийлерге ылайык, сырттагы орточо температура беш сутка бою 8 градусту көрсөтсө жылуулук берүү токтотулат.
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында жылуулук 19-марттан тарта өчүрүлө баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Мындай чечим күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү боюнча түзүлгөн штабдын жыйынында кабыл алынган.

"Мэр Азиз Суракматов 2019-2020-жылдагы жылуулук берүү сезонунун аяктаганы боюнча буйрукка жакынкы аралыкта кол коёт", — деп айтылат маалыматта.

Бекитилген критерийлерге ылайык, сырттагы орточо температура беш сутка бою 8 градусту көрсөтсө жылуулук берүү токтотулат.