ЖМК: БАЭдеги кыргызстандыктан коронавирус аныкталды

БАЭде коронавирус жуктурган дагы 15 адам аныкталды. Алардын бардыгы буга чейин инфекцияга кабылган адамдар менен байланышта болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 18-мар. – Sputnik. Бириккен Араб Эмирлигинде кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталганын жергиликтүү thenational.ae порталы жазды.

Маалыматка караганда, кечээ күнү БАЭде коронавирус жуктурган 15 адам катталган. Алардын бардыгы буга чейин инфекцияга кабылган адамдар менен байланышта болушкан.

"Вирус жуктургандар Кыргызстан, Сербия, Италия, Нидерланддар, Австралия, Германия, АКШ, Греция, Россия, Украина, Бангладеш, Улуу Британия жана Испаниянын жарандары", — деп басылмада белгиленген.

Алматы аэропортунда 19 кыргызстандык кармалып турат
Учурда бейтаптардын бардыгы БАЭде дарыланып жатат. Өлкөдө жалпы 113 адам оору жуктурган.

Акыркы маалыматтарга караганда, дүйнө жүзү боюнча 200 миңге чукул адам коронавируска кабылып, 80 миңи сакайып кетти. Жети миңге жакыны көз жумду.

Кыргызстанда дагы коронавируска кабылган үч адам аныкталды. Үч жаран тең Жалал-Абад облусуна караштуу Сузак районунун жашоочулары