Россия чет элдиктер үчүн чек арасын убактылуу жабат. Коронавирус кесепети

Россия өкмөтүнүн төрагасы бул маселени КМШга мүчө өлкөлөрдүн премьерлери менен талкуулаган соң чектөө боюнча чечим кабыл алды.
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Россия өкмөтү чет элдик жарандардын өз аймагына киришин убактылуу чектөө боюнча чечим кабыл алганы РФ министрлер кабинетинин расмий сайтына жарыяланды.

Өкмөттүн төрагасы Михаил Мишустин коронавирус маселесин КМШга мүчө өлкөлөрдүн премьерлери, анын ичинен кыргыз өкмөтүнүн башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев менен талкуулаган. Россия өкмөтү 18-марттан 1-майга чейин чет элдиктерди, жарандыгы жок адамдарды өз аймагына киргизбей турууну чечкен.

Кыргызстанда түнкү клуб, кинотеатр, компьютердик клубдар жабылды
Мишустин өкмөт башчыларды мамлекеттин коопсуздугун камсыздоо, элдин ден соолугун сактоо жана коронавирусту таратпоо максатында жогорудагы чечим кабыл алынганын маалымдар кылган.
Убактылуу бул чектөө товар ташыган ири автоунаалардын айдоочуларына, дипломаттарга жана РФте дайыма жашаган адамдарга тиешелүү эместиги айтылды.

Мишустин башка премьер-министрлер менен сүйлөшүп жатып, Россиянын бул кадамдары Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун сунуштарына туура келерин айткан. Бул өзгөчө кырдаалдан улам убактылуу кабыл алынган чечим экендигин кошумчалган.

Өкмөт башчылар коронавирустун мындан ары таралышына каршы күрөш маселесинде бири-бири менен байланышып туруу боюнча да сүйлөшкөнү айтылды.

Мишустин Абылгазиевден сырткары Белоруссия премьери Сергей Румас, Азербайжан өкмөт башчысы Али Асадов, Армения премьери Никол Пашинян, Казакстан өкмөт башчысы Аскар Мамин, Тажикстан жана Өзбекстандын премьерлери Кохир Расулзода жана Абдулло Арипов менен да сүйлөшкөн.