Өкмөт мүмкүнчүлүгү барларга үйдөн иштөөнү сунуштады

11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөгө коронавирус пандемиясын жарыялаган. Учурда Кыргызстанда бул вирустун катталган учуру жок.
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кызматкерлердин кеңсеге келбей үйдөн иштөөсүнө мүмкүнчүлүгү бар мекемелердин жетекчилигине дистанттык иштөө режимин киргизүүнү сунуштайбыз. Бул тууралуу вице-премьер Алтынай Өмүрбекова брифинг учурунда билдирди.

"Коронавирусту жуктуруп албоонун бирден-бир жолу адамдын өзүн-өзү изоляциялап, үйдөн чыкпай, сырт менен байланышпай отуруусу экен. Андыктан биз бир катар мекемелерге, жеке ишканаларга кызматкерлерине үйдөн иштөөгө шарт түзүүсүн сунуштайбыз. Жалпы эле жарандарды зарылдык жаралмайынча көчөгө чыкпай, үйдө отуруусун сунуштайбыз", — деди Өмүрбекова.

Кайсы соода жайлары жабылбай тургандыгын Өмүрбекова айтып берди
Вице-премьердин айтымында, учурда Билим берүү жана илим министрлигине балдарды дистанттык негизде окутуу сунуштары дагы түшүп жатат.

"Бул маселени карап жатабыз. Мугалимдер дистанттык түрдө окута алышат", — деди ал.

Белгилей кетсек, 11-март күнү Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму дүйнөгө коронавирус пандемиясын жарыялаган. Учурда Кыргызстанда бул вирустун катталган учуру жок.

Вице-премьердин Кыргызстандагы абал боюнча дагы эмнелер тууралуу айтканын Sputnik жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.