Каникулдагы балдар үчүн онлайн кызматы сунушталды. Шарты

16-марттан тарта Кыргызстандагы бардык билим берүү мекемелери үч аптага карантинге жабылып, окуу токтотулган.
Sputnik

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Касымалы Баялинов атындагы Балдардын жана жаштардын республикалык китепканасы каникул учурунда балдар үчүн жаңы онлайн кызматын сунуштады. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Кесиптик билим берүү мекемелери да каникулга тарады. Министрликтин буйругу
Маалыматка караганда, ал үчүн bayalinovkaonline@gmail.com электрондук почтасына, китепкананын фондунда бар адабиятка билдирме жөнөтүү керек. Ар бир билдирме өз алдынча дыкат каралат. Билдирмени ыкчам ишке ашыруу үчүн суроо-талап так жана түшүнүктүү жазылышы керек.

Министрлик бир да билдирме көз жаздымда калбай турганын белгилейт.

Эске салсак, 16-марттан тарта Кыргызстандагы бардык билим берүү мекемелери үч аптага карантинге жабылган.