Кыргызстанда түнкү клуб, кинотеатр, компьютердик клубдар жабылды

Тиешелүү чечимди республикалык штаб кабыл алган. Бул кадамдардын баары убактылуу экени белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Коронавирустун жайылуусун алдын алуу максатында өлкөдөгү бардык түнкү клуб, кинотеатр, компьютердик клубдар убактылуу жабылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүн республикалык штабдын жыйыны өткөн. Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлү өлкөдө коронавируска кабылган учур жок экенин белгиледи. Ушу тапта эпидемиологиялык абал туруктуу. Ал эми карантинге жалпы 341 адам алынган.

"Жыйындын жүрүшүндө түнкү клуб, кинотеатр, компьютердик клубдар, соода борборлорундагы балдар ойной турчу жайлар жана тамак иче турган жерлер убактылуу жабыла турганы айтылды. Ал эми соода, тейлөө жана коомдук тамактануу тармагында иш алып барган жеке жана юридикалык тараптарга массалык иш-чараларды өткөрүүдөн кармана туруу сунушталды", — деп айтылат маалыматта.

Коронавирус өлкө казынасына кедергисин тийгиздиби? Жээнбековдун тапшырмасы
Өкмөт жарандарды эл көп чогулган жерге, анын ичинде соода борборлоруна, тамак ичкен жайларга көп барбай турууга чакырды. Ошондой эле бул жерде иштегендерге аба тазалаган, дезинфекциялаган атайын жабдууларды коюуну сунуштады.

Ал эми жергиликтүү бийликтерге түшүндүрүү иштерин жакшылап жүргүзүү тапшырмасы берилди.