Кочкор: дезинфекция кылгандардан шек санап, фейк маалымат тараткан аял сурак берди

ИИМ жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырат. Ошондой эле фейк кабарлар болсо 102 номерине байланышууну өтүнөт.
Sputnik

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Кочкор районунда эки киши коронавирус менен ооруп жатат деп мессенджер аркылуу жалган кабар тараткан адам аныкталды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, фейк кабарлар 13-марттан тарта WhatsApp мессенджери аркылуу тарап, аталган факт Кочкор райондук ИИБде каттоого алынган.

Натыйжада кафенин биринде иштеген аял дезинфекция жүргүзүп жаткан Санэпидемстанциянын кызматкерлерин көрүп, аларды телефонго тартып, "Кочкордо эки киши коронавируска чалдыкты" деген калп маалыматтарды таратып жибергени белгилүү болгон. С.М. аттуу жаран кылыгы үчүн кечирим сураган.

ИИМ акыркы күндөрү коронавируска байланыштуу жалган маалымат тараткан бир нече фактылар катталганын эскертти.

Коронавирус жакындады, баарына даяр турушубуз керек! Абылгазиев элге кайрылды
Милиция марттын башында Таластын Бакай-Ата жана Манас райондоруна келген чет элдик жарандардан коронавирус аныкталды деп тарап жаткан билдирүүнү четке каккан.

Ошондой эле кечээ, 15-мартта, Чүйдүн Ивановка айылына коронавирус менен ооругандарды алып келип жатышат деген жалган маалыматты тараткан 27 жаштагы стоматолог сурак бергени маалым болгон.

Мындан тышкары, Чүйдүн Новопокровка айылында ак халатчандар коронавируска байланыштуу үйлөрдү кыдырып жүрөт деген фейк кабарды жарыялаган 40 жаштагы аялды аныкташкан.

Аталган фактылар 344-берене ("Кылмыш жасалгандыгы жөнүндө билип туруп жалган билдирүү жасоо") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

ИИМ жарандарды жалган маалымат таратпоого чакырат. Ошондой эле фейк кабарлар болсо 102 номерине байланышууну өтүнөт.