БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Өлкөдө эл көп колдонгон 14 товардын баасына өкмөт убактылуу чектөө киргизди. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.
Чектөө дүйнөдө тарап жаткан коронавирустан улам айрым ишкерлер, соодагерлердин бааны көтөрүп жибербеши үчүн коюлганы айтылды.
Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги 11 азык-түлүктүн тизмесин берип, алардын баасы азыркы тапта бекитилип жатканын айтты. Биринчи кезекте ундун орток баасы бекитилет.
Баасына чектөө киргизиле турган азык-түлүктөрдүн тизмеси:
- буудай уну;
- нан;
- сүт;
- өсүмдүк майы;
- жууган май (сливочный — ред.)
- уй, кой, чочко, тоок эттери;
- кумшекер;
- күрүч;
- макарон;
- тооктун жумурткасы;
- картошка.
Мындан сырткары, жаратылыш газы, АИ-80, АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майлары, дизель жана көмүрдүн баасына да чектөө кирген.
Эске салсак, буга чейин өлкөдө айрым сатуучулар ундун баасын көтөрүп жиберген.