Ундун баасы көтөрүлбөйт. Оштун мэри борбордук базарды кыдырды

Билдирмеде айрым соодагерлер комбинаттан бир кап унду 1350 сомдон алып, 1800 сомдон сатып жатканы маалым болгону айтылат.
Sputnik

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов тиешелүү кызматтар менен борбордук базарды кыдырып чыкты. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, калаа башчысы азык-түлүк менен соода кылгандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тургундарды дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды.

Сарыбашев унга болгон баа көзөмөлгө алынарын, абалдан пайдаланып наркты өз алдынча көтөргөн соодагерлерге укук коргоо органдары чара көрө турганын билдирген.

"Ош шаарындагы ун комбинатында 1-сорт ундун бир мүшөгү 1350 сомдон сатылууда. Ундун баасы көтөрүлбөйт. Бааны себепсиз көтөргөндөргө чара көрүлөт. Ун комбинатка 300 тонна ун, 1000 тонна буудай келе жатат. Ундун запасы жетиштүү. Эң негизгиси, ден соолугуңуздар болсун", — деген мэр.

Билдирмеде айрым соодагерлер комбинаттан бир кап унду 1350 сомдон алып, 1800 сомдон сатып жатканы маалым болгону айтылат. Бул боюнча тиешелүү органдар иш алып барууда.

Азык-түлүктүн баасын атайын көтөргөндөр жазаланат! Боронов чукул жыйын өткөрдү
Эскерте кетсек, Бишкекте дагы 13-март күнү кечтен тарта айрым дүкөндөрдө, базарларда кезек күткөндөр көбөйүп, соцтармакта унду талап алып кетип жаткандардын видеолору тараган. Кээ бирлер ундун бир кабы 2000 сомго чейин сатылып жатканын айткан.

Бүгүн мэриянын кызматкерлери Ленин райондук администрациясы, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү менен ун саткан бир катар базар, кампаларды кыдырып, баа жөнгө салынып жатканын айткан.

Ал эми биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов азык-түлүктүн баасын атайын көтөргөндөр жазаланарын билдирди.