БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Казакстанда коронавируска байланыштуу өзгөчө кырдаал киргизилди. Бул туурасында Sputnik Казакстан агенттиги жазды.
Тийиштүү жарлыкка өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон.
Мындай чечим 16-марттан тарта күчүнө кирип, 15-апрелге чейин уланат. Ооруну жайылтпоо үчүн мамлекеттик комиссия түзүлөрү айтылды.
Казакстанда COVID-19 аныкталган биринчи учур 13-мартта катталган. Алгач ооругандар экөө болсо, бүгүн сегизге чейин өстү.
Ал арада бүгүн, 15-мартта, Өзбекстанда да коронавирус жуктуруп алган алгачкы адам аныкталганы кабарланды. Анын Франциядан келгени айтылууда. Коңшу өлкөдө учурда эмне болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик трансляциядан билсеңиздер болот.