Күлүйпа Кондучалованын көзүнө илинип... Акун Токтосартов жөнүндө 6 факт

Бүгүн көрүнүктүү мамлекеттик, коомдук ишмер Акун Токтосартовдун туулган күнү. Өмүрүн маданиятка арнаган мурдагы министрдин көзү тирүү болгондо 79 жашка толмок.
Sputnik

Sputnik Кыргызстан агенттиги жаратман инсан тууралуу кызыктуу фактыларды сунуштайт.

Согуш жылдарындагы балалык. Акун Токтосартов 1941-жылы 15-мартта Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Көңдүк айылында жарык дүйнөгө келген. Ага чейин ата-энесинин тогуз ымыркайы чарчап калып, кичинекей Акун эки эжеси менен бирге согуш жылдарында чоңойгон. Орто мектепти аяктагандан кийин Токмок шаарындагы маданий-агартуучулук училищесинде билим алган. Андан соң Ош мамлекеттик педагогикалык институтун жана Алматы шаарындагы жогорку партиялык мектепти бүтүргөн. 

Күлүйпа Кондучалованын көзүнө илинип... Акун Токтосартов жөнүндө 6 факт

Кондучалованын шакирти. Эмгек жолун педагогикалык институтта окуп жүрүп Маданият министрлигинде баштаган. Практикага келген студенттин жөндөмүн ошол кездеги министр Күлүйпа Кондучалова байкап, өзүнө шакирт кылып жумушка алган. Жаш адис катардагы кызматкерден Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин адабият жана искусство боюнча сектор башчысына чейин жеткен.

Жаратман ишмер. 30 жылдай мамлекеттик кызматты аркалаган Токтосартов маданият министри, министрдин биринчи орун басары, Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармониянын директору кызматын аркалаган. Ошол жылдары анын жетектөөсү менен борбор калаада Жаштар театры, Куудулдар театры, "Кыргызконцерт", "Кыргызреставрация" бирикмелери, Ош облустук филармония, куурчак театры ачылган. Мындан сырткары, "Камбаркан" фольклордук ансамбли, "Насыйкат" камералык оркестри түзүлүп, аймактарда ондон ашык театр, музей ишке берилген. Мыкты уюштуруучу катары "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын белгилөөдө кыска убакыт ичинде "Манас айылы" тарыхый-маданий комплексинин курулушун жетектеген. Музыка, театр, көркөм өнөр жаатында Муратбек Рыскулов, Абдылас Малдыбаев, Гапар Айтиев атындагы сыйлыктарды негиздеген. 

Күлүйпа Кондучалованын көзүнө илинип... Акун Токтосартов жөнүндө 6 факт

Жөнөкөй министр. Мамлекеттик ишмер 1985-91-жылдар аралыгында маданият министринин биринчи орун басары, министр кызматын аркалаган. Ошол жылдары Самара Токтакунова, Эстебес Турсуналиев, Капар Медетбеков, Леонид Ясиновскийди өзү СССРдин эл артисти наамына сунуштап, Москва алардын талапкерлигин жактырганда ар бирине чалып куттуктап чыккан. Өзүнүн кичи пейилдиги, жөнөкөйлүгү жана баарына бирдей мамиле кылгандыгы көп артисттин дагы деле эсинде.

Ынтымактын жарчысы. Токтосартов 1992-жылы "Руханият" эл аралык ассоциациясын негиздеп, түрдүү маданий иш-чараларды өткөрүп, искусство, адабият, илим, медицина өкүлдөрүнө, көрүнүктүү инсандарга сыйлык тапшырып келген. Алардын арасында Россия, Казакстан, Өзбекстан, Иран, Түркиянын президенттери, өкмөт башчылары бар. Мунун аркасы менен мамлекеттер аралык маданий алака жакшырып, өлкөлөр ортосунда ынтымактын бекемделүүсүнө шарт түзүлгөн. Ошондой эле коомдук ишмер  дайым интеллигенция өкүлдөрүнүн башын бириктирип, аларды ар тараптан колдоого аракет кылганын замандаштары айтып келет.

Калемгер, котормочу. Токтосартов "Рух чабыты", "Тагдырдын таржымалы", "Мезгил жана адамдар" аттуу китептердин автору. Ал ошондой эле өзбекстандык жазуучу Пиримкул Кадыровдун "Жылдыздуу түндөр" романын, казакстандык Оралхан Бокеевдин прозаларын кыргыз тилине которгон. 

Күлүйпа Кондучалованын көзүнө илинип... Акун Токтосартов жөнүндө 6 факт

КРдин маданиятына эмгек сиңирген ишмер өмүрлүк жары менен алты кыз, эки уулду тарбиялап өстүргөн. Учурда алар түрдүү тармактарда эмгектенип келет. Мисалы, уулу Камалдин учурда эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары, кызы Лира "Руханият" ассоциациясын жетектейт. Уул-кыздары атасы өмүрүн маданиятка арнап, убактысынын көпчүлүгүн жумушта өткөргөндүгүн эскерет. Акун Токтосартов 2013-жылы 72 жашында бул дүйнө менен кош айтышкан.