Казак-кытай чек арасындагы “Хоргос” базары жабылмай болду

Казакстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан “Хоргос” базары. Архив
Базар кайсы мөөнөткө чейин жабык болору кабарлана элек. Алматыга коронавирус жеткени аныкталгандан кийин облус бийлиги алдын алуу чараларын күчөтүп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 14-мар. – Sputnik. Казакстан менен Кытайдын чек арасында жайгашкан “Хоргос” базары коронавирусту алдын алуу максатында эртең, 15-марттан тарта убактылуу жабылмай болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

“Алматыда коронавирус жуктуруп алгандар бар экени аныкталгандан кийин инфекция жайылып кетпеши үчүн алдын алуу иш-чаралары күчөтүлдү”, - деп айтылат маалыматта.
Базар кайсы мөөнөткө чейин жабык болору кабарлана элек.

Эске салсак, учурда Казакстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны алтыга жетти. Биринчи окуя 13-мартта билинген. Ошол күнү эле вирус жуктурган төрт адам тууралуу белгилүү болгон. Алардын экөө Германиядан, бири Италиядан, бири Россиядан учуп келген. Ал эми экинчи окуя 14-мартта аныкталды. Бейтаптардын бири Нур-Султанда болсо, экинчиси Алматыда.