Сауд Аравиясы мунай өндүрүүнү дагы жогорулатуу туурасында ашыга (бул жолу – суткасына 13 миллион баррелге дейре), ал эми АКШ россиялык ишканаларга басым жасоону күчөтүү мүмкүнчүлүктөрүн изилдөө жөнүндө жар салды. Натыйжада жогорулап бараткан мунайдын баасы жана рублдин куну кайра кескин төмөндөдү.
Москваны дүйнөлүк энергетикалык рыноктон шантаж аркылуу сүрүп чыгарууга жана Россиянын өзүндөгү саясий абалды курчутууга тырышып Эр-Рияд менен Вашингтон мунайдын баасын жана валюталык курсту максаттуу түрдө манипуляциялоодо.
Эске салсак, ОПЕК+ келишиминин бузулушу саудиялыктардын Россияга койгон ультиматумунан башат алды. Мунайды өндүрүүнү дагы кыскартуу боюнча аталган өлкөнүн кызыкчылыгына каршы келген талаптар коюлду. Маңызында бул "биздин шартка көнөсүңөр, антпесеңер биз рынокту талкалайбыз" деген тейдеги шантаж болду.
Коронавирустун таасирине байланыштуу суроо-талапка орто мөөнөттүү кысым болгондугун эске алуу менен Россия өнөктөштөрү менен бир пикирге келүүгө даяр эле. Бирок шантаж Россия үчүн ылайыксыз. Россия шантажга баш ийбейт.
Үч жыл мурун Россия бул кадамга рыноктогу абалды турукташтыруу үчүн макул болгон. Белгилүү бир мезгил аралыгында ошол аракети оң натыйжасын берди. Бирок келишимдин кийин узартылышы саудиялыктар менен бирге Россия рыноктон арзан мунайды алып салган, ал америкалык кымбат сланецтик мунай менен алмаштырылган. ОПЕК+ келишимине ылайык, өндүрүштү кыскартуулар толугу менен жана тез арада америкалык өндүрүш менен толукталып турган.
Саудиялыктар өз убагында сүйлөшүү жүргүзгөн РФтин Энергетика министрлигин келишимдин мөөнөтүн узартуу зарылдыгына көндүрүшкөн. Бул аларга Saudi Aramco мамлекеттик мунай ишканасынын IPO, башкача айтканда, акцияларын жайгаштыруу үчүн керек эле. Жыйынтыгында келишим узартылып, IPO ийгиликтүү жүргүзүлгөн. Ошону менен бирге эле Сауд Аравиясы Saudi Aramco акцияларынын курсун колдоо кепилдиги менен инвесторлорго үстөксүз насыя берген (эске салсак, келишим бузулганы акциялар он пайызга арзандап, натыйжада тоорук токтотулган).
Келишим күчүндө турганда Сауд Аравиясынын бюджеттик таңсыктыгы 2016-жылы ИДПнын 12,9 пайызынан 2019-жылы 3,8 пайызга (IHS Markit маалыматы боюнча) кыскарган. Инфраструктура, туризм жана адамдык капиталга ири инвестиция тартуунун эсебинен "мунайдан көз карандылыкты" жана экономиканын диверсификациясын азайтуу боюнча стратегиялык программа ишке кирген.
Бирок ОПЕК+ келишими күчүнө киргенден бери америкалык сланецтик өндүрүштүн пайдасы арткан. Экспорттук инфраструктура да аягына чыгарылды. Батыш агенттиктеринин пикиринде, ОПЕК+ уюмунун өндүрүшүн чектөө америкалык сланецтик өндүрүшчүлөр үчүн бир нече ирет: өндүрүш көлөмү төмөндөгөндө жана өсүшкө чыгарууда куткаруучу фактор болгон.
Бул ийгиликтердин баарына АКШ жана саудиялыктар негизи Россиянын ОПЕК+ келишимине катыштыгы менен жетишкен. Эмнеге дал азыр ультиматум коюлуп жатат? Сауд Аравиясынын кескин кадамы Вашингтон менен макулдашылып гана тим болбостон, түз буюртмасы болуп саналат. Муну америкалык администрациянын аткаминерлеринин көп сандагы билдирүүлөрү гана эмес, АКШнын финансы министри Стивен Мнучиндин россиялык элчини чакырып, Россиядан рынокту турукташтырууга жоопкерчиликти алып, саудиялыктардын шартындагы келишимге кайтышын тике эле талап кылышы тастыктап турат. Кызыгы, саудиялык элчини америкалык министр негедир чакырган эмес.
Мындан улам чара көрүп жана ОПЕКти жооп бердирем деп опузалаган Трамптын билдирүүлөрүн эстесек болчудай. Анан калса, америкалык президент өзүн 2018-жылы жок жерден чыгарылган NOPEC — "Мунай өндүрүшчүлөрү жана экспортчуларынын бирикмесине каршы" мыйзамынын тарапташы экенин жар салган. Ошону менен катар Мнучинге чакырык таштоо — бул маңызында Россияны аталган биримдиктин келишимине кайтууга мажбурлоо аракети.
Саудиялык жолдоштор кескин талап коюу менен Россия аны аткаруудан баш тарта албасына рыноктук/экономикалык гана эмес, саясий себептерден да улам ынанышканын болжолдоого болот. Өтө маанилүү конституциялык өзгөртүүлөрдү киргизүү маалында россиялык жетекчилик мунайдын баасы төмөндөп, рубль кунунун солгундашынын айынан социалдык-саясий туруксуздук коркунучу туулуп турганда келишимден баш тартпайт деп ойлошкон.
Шантаждын маңызы эмнеде? – Силер америкалык сланецти каржылоону улантасыңар, болбосо биз рынокту талкалайбыз. Анын экономикалык гана тургай, саясий кесепеттери да болбой койбойт... Саудиялыктар мында ачык эле америкалык кызыкчылыктарды коргоодо, ал эми АКШ азыр ички саясий процессти кысым көрсөтүү каражаты катары пайдалана Россиянын ички саясатына дээрлик ачык эле кийлигишүүдө.
Wall Street Journal басылмасы белгилегендей, "карыз түйшүгүн тарткан", анын ичинде Chesapeake Energy Corp. жана Whiting Petroleum Corp. өңдүү компаниялар рынокто мунай арзандаганга дейре эле каржылык кыйынчылыкка дуушар болуп келишкен. Ал эми азыр алардын акциясынын наркы өтө тездик менен ылдыйлоодо, бул чөйрөнүн лидерлеринин капитализациясы 30-50 пайызга түшүп кетти. Басылманын пикиринде, 2014-жылдагы баа түшүп кеткендеги кырдаалдан айырмалана бул жолкуда америкалык каржылык тармак сланецчилерге көмөк көрсөтө албайт, анткени төмөн дивиденддеринен улам алардын бул тармакка кызыгы тараган. Мойнундагы насыянын көптүгүнөн майда ишканалар жапырт банкротко багынып берүү кооптуулугу бар.
АКШ администрациясы ушул тапта сланецчилерди колдоо чараларын талкуулоодо, бирок андай чаралар ошол эле америкалык экономикалык жана саясий каймактарынын басымдуу бөлүгү олуттуу түрдө каршы чыгууда. Өз кезегинде Сауд Аравиясы өтө чоң бюджеттик таңсыктыкка кептелиши мүмкүн, андай кырдаал Мухаммед ханзааданын дымактуу реформаларына гана бөгөт коймок тургай, өлкөнүн саясий туруктуулугуна да коркунуч туудурат.
Батыштык серепчилердин көбү "Россиянын саудиялыктарга караганда бул кырдаалдан утуп чыгууга мүмкүнчүлүгү алда канча көп" деген пикирге ыкташат. Бул бир нече күн, ал тургай, бир нече айда чечилчү маселе эмес, эгер бул туңгуюкка себепкер болгон өлкө жөндүү сүйлөшүү жүргүзүүгө моюн сунуп келбесе эле... Россия өз тарабынан мындай диалогго даяр.