БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Убакыттын өтүшү менен коронавирус адам өмүрүн албай калат. Бул тууралуу БУУнун алдындагы Эмдөөлөрдүн эл аралык институтунун илим жаатындагы жетекчисинин орун басары Михаил Фаворов билдирди. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан жазды.
Анын айтымында, вирус жаныбардан адамга өтүп тарагандан кийин кишинин организмине адаптация боло баштайт.
"Кайсы бир мезгилде вирус бешинчи, алтынчы, миллионунчу адамга жеткенде ал жаныбарлардын эмес, бизге, адамга, тиешелүү вирус болуп калат дагы, ээсин өлтүрбөй калат. Негизи дээрлик ар бир адамда коронавирустун 40тан ашык түрү жашайт, анын айынан кээде мурун бүтүп калат", — деди Фаворов.
Ал ошондой эле жапайы жаныбарларды кармоо, аларды базарларда сатуу токтобосо эпидемия жайыла берерин кошумчалады.
Эске салсак, 11-марттын түнүндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясын жарыялаган. Бүгүн Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жок экенин айтты. Ал эми Казакстанда вируска кабылган эки адам аныкталды.