БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга 1,4 миллион сомдук медициналык бет капты алып чыгып кеткенге аракеттенишкен деп билдиришти КРдин Мамлекеттик чек ара кызматынан.
Алар 33 жаштагы кыргызстандык жаран айдап бара жаткан оор жүк ташуучу Volvo автоунаасын токтотуп текшерген. Чек ара отряды кургатылган жемиштердин алдына катылган медициналык бет капты таап чыккан. Ал жерден документи жок 95 миң 600 медициналык товар чыккан.
Коронавирустан улам өкмөт Кыргызстандын аймагынан дары жана медициналык каражаттарды алып чыгып кетүүгө алты айга чейин тыюу салган.
Учурда Финансы полициясы товардын кайдан алынганын жана ким тарабынан сыртка кетип бара жатканын иликтеп жатат.
COVID-19
11-марттын түнүндө Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирус пандемиясын жарыялаган.