Кыргызстанда коронавирус билинбей жүрүшү мүмкүнбү? Министрдин жообу

Саламаттык сактоо министри коронавирус 14 күндүн ичинде билинерин жана аны өз алдынча дарылоо мүмкүн эмес экенин айтты.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Коронавирус Кыргызстанда билинбей, аныкталбай жүрүшү мүмкүн эмес. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Бишкекте өтүп жаткан маалымат жыйынында журналисттердин суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Sputnik агенттигинин кабарчысы "Кыргызстан кошумча 15 өлкөдөн келгендерге үй карантинин жарыялаганга чейин кирип кеткендер коронавирус жуктурушу жана ал аныкталбай жүрүшү мүмкүнбү?" деген суроо узатты.

"Коронавирус 14 күндүн ичинде билинет жана аны өз алдынча дарылоо мүмкүн эмес. Андыктан эгер Кыргызстанда кимдир бирөө бул вирусту жуктурган болсо, билинбей калмак эмес", — деди министр.

Буга чейин Чолпонбаев ушул тапта Кыргызстанда коронавирус боюнча канча киши медициналык жайларда, канча киши үй карантининде экенин айтып берген. Ошондой эле ал ооруканалардын даярдыгы тууралуу маалымат берген.