Былтыр Кыргызстанда ишкерликтин кайсы түрү өнүгүп, канча киреше түштү?

Кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн көбөйүшү өлкөнүн бардык аймактарында байкалды, бирок эң олуттуусу Бишкек шаарында.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. 2019-жылы республика боюнча кызмат көрсөтүүлөрдүн саны өсүп, алардан түшкөн каражат 766 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.

Бул көрсөткүч 2018-жылга салыштырмалуу беш пайызга көбүрөөк.

Нарынга быйыл жаз эрте келет. Дыйкандарга картошка аянтын көбөйтүү сунушталды
Кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнүн көбөйүшү өлкөнүн бардык аймактарында байкалды, Бишкек шаарында 6,0 пайызга жетип, эң жогорку көрсөткүч болду. Жалал-Абад облусунда — 5,2 пайызга, Талас облусунда — 4,1 пайызга жана Нарын облусунда — 4,0 пайызга көтөрүлдү.

Кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы көлөмүнүн 70 пайыздан ашыгын автоунааларды оңдоо, тетиктерин алмаштыруу, чекене жана дүң соода жүгүртүү түздү. Бул кызматтардан ишкерлер жалпысынан 400 миллиард сомдук киреше көрүшкөн.