Улуттук гвардиянын жоокерлери Москвадагы парадга катышуу үчүн документ алууда

Улуттук гвардиянын 52 жоокери Калкты тейлөө борборуна паспортко документ тапшырганы келишкен. Жоокерлер Москва шаарында өтө турган Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышууга даярданууда.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. КРдин Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын жоокерлери Москвадагы Жеңиш парадына катышуу үчүн документ алып жатышат. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

Улуттук гвардиянын жоокерлери Москвадагы парадга катышуу үчүн документ алууда

Ага ылайык, Улуттук гвардиянын 52 жоокери №2 Калкты тейлөө борборуна паспортко документ тапшырганы келишкен.

Жоокерлер Москва шаарында өтө турган Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катышууга даярданууда.

Буга чейин Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко салтанатка канча кыргызстандык ардагердин барары пландалып жатканын айтып берген.