Казакстанда коронавирус жуктурган эки киши аныкталды

Маалыматка караганда, адамдар ооруканага жаткырылды. Абалдары жакшы, азырынча оорунун клиникалык белгилери жок.
Sputnik

БИШКЕК, 13-мар. — Sputnik. Казакстанда эки кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Елжан Биртановдун сөзүнө таянып Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

"Биз үч айдан бери бул вируска каршы болгон аракеттерди көрүп келе жатабыз. Бирок бүгүн казакстандык эки жарандын жуктуруп алганы аныкталды. Алар Германиядан Алматыга келишкен экен", — деди министр.

Коронавирус Казакстанга жетти. Учурда эмне болуп жатат?
Маалыматка караганда, бул адамдар ооруканага жаткырылды. Абалдары жакшы, азырынча вирустун клиникалык белгилери жок. Коронавирус аныкталган адамдардын бири 9-мартта, экинчиси 12-мартта келген.

Эске салсак, 11-марттын түнүндө Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму коронавирус пандемиясын жарыялаган. Ал эми бүгүн Кыргызстандын саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жок экенин айтты.