Коронавирус: Италияда соода-сатык токтоду

Ушул тапта өлкө боюнча карантин жарыяланып, массалык иш-чаралар белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Андан тышкары, айрым мекемелердин жабылганы айтылды.
Sputnik

БИШКЕК, 12-мар. — Sputnik. Италиянын өкмөт башчысы Жузеппе Конте соода-сатык ишмердүүлүгүнүн бардык түрүн токтотууну жарыялады. Анын ичинде дары-дармектер дагы бар экендигин РИА Новости жазды.

Премьер-министрдин сүйлөгөнү аймактык телеканалдар менен социалдык тармактар аркылуу көрсөтүлдү. Ал бийлик элге негизги кызматтар көрсөтүлө берерин убадалаган.

"Биз дүкөн, бар, паб, ресторан, чачтарачкана, сулуулук салондорун жаап жатабыз. Эми тамакты үйдөн гана ичүүгө же буйрутма кылууга болот. Ал эми фабрика, завод, банк, почта, камсыздандыруу жана финансылык компаниялар ишин уланта берет", — деген Конте.

Америкалык актер Том Хэнкс аялы экөө коронавирус жуктуруп алганын айтты
Маалыматтарда мындай чектөөлөр 25-мартка чейин киргизилгени айтылууда.

Ушул тапта Италияда коронавируска кабылгандардын саны 12 462ге жетип, 827 адам көз жумду. Ал эми сакайгандардын саны — 1 045. Ошондой эле өлкө боюнча карантин жарыяланып, массалык иш-чаралар белгисиз мөөнөткө жылдырылып, айрым мекемелер да жабылган.

Кечээ, 11-мартта, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму коронавирусту пандемия деп жарыялады. Аталган вирус декабрдын аягында Кытайдын Ухань шаарынын Хубэй провинциясында жайылган. Адистер дарттын козгогучу коронавирустун 2019-nCoV деп аталган жаңы тиби экендигин боолголошкон.