2010-жылдан баштап ар бир облустарда жасалма бөйрөк бөлүмдөрү ачылды. Аталган жабдуулар менен көп адамдардын өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк болуп жатат. Бул тууралуу Гүласыл Сутуева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, туура эмес тамактануудан бир гана бөйрөк эмес, болгон ички органдар, жада калса мээ да жабыркайт.
"Дүйнө жүзүндөгүдөй эле Кыргызстанда бөйрөк оорулары жылдан-жылга көбөйүп жатат. Мунун негизги себептери кант диабетинин күчөп кетиши, илдеттин тукум кууганы, убагында медициналык көзөмөлдөн өтпөгөндүк менен туура эмес тамактануу болуп саналат. Адамдын боору менен бөйрөгү ооруп калган учурда органдын клеткалары жабыркап, эч кыйнабай эле функциясы бузула берет. Алгачкы белгилери катары жүрөк айланышы мүмкүн. Союз мезгилинде адам жылына бир жолу толугу менен медициналык көзөмөлдөн өтүүгө милдеттүү болчу. Азыр ички жана тышкы миграциянын кесепетинен бул нерсе аткарылбай калды. Учурда ар бир адам өз ыктыяры менен барып дарыгерге текшерилиши керек. Мурдагыга караганда технология, медицина өнүккөн, абдан сонун мүмкүнчүлүктөр бар. Мамлекет бейтаптардын маселесин чечүүгө аракет кылып эле жатат. Өлкөдө азыр бешинчи стадиядагы өнөкөт бөйрөк жетишсиздиги менен жабыркаган 1512 киши акысыз гемодиализ кызматын алышат. Ар бир сеансы 4700 сом. Ал эми бир айга 60-70-миң сом сарпталат. Жылына бир бейтапка 600 миң сом керектелет", — деди Сутуева.
Ал эки бөйрөгү тең жарабай калып гемодиализ алууга муктаж болгон дагы 150 бейтап кезекте турганын кошумчалады.