Хакерлер коронавирусту өз чабуулу үчүн колдонуп жатканы айтылды

Жыл башынан тарта дүйнөдө коронавируска байланышкан 4 миңден ашуун сайт пайда болду. Алардын жарымы зыянсыз.
Sputnik

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Кибер кылмышкерлер COVID-19 коронавирус темасын хакерлик чабуулдар үчүн колдоно баштады. Бул туурасында аталган жааттагы коопсуздукту камсыздоо боюнча иш алып барган Check Point компаниясы билдирди.

Алардын айтымына караганда, интернетте коронавирус боюнча маалымат издегендер арбып, андан хакерлер болушунча колдонууда.

2020-жылдын январь айынан тарта коронавируска байланыштуу 4 миңден ашуун домен катталган, алардын жарымы зыян тийгизүүчү сайттар экени аныкталган. Алар өздөрү ойлоп тапкан дарыгерлердин атынан ар кандай фишинг ( кишини алдап, акча карталарынын сыр сөзүн билип алуу же башка алдамчылык аракеттер) каттарды жөнөтүүдө.

"Жакында эле Италияда Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) дарыгери Пенелопа Марчеттинин атынан элди алдап, кайырмакка илгиси келген кат массалык түрдө жиберилген. Бирок ДССУда андай доктор жок", — деп билдиришти компаниядан.

Жаман айтпай, жакшы жок. Коронавирус жайылып кетсе Кыргызстан канчага чыдайт
Мындан сырткары, кибер кылмышкерлер коронавирустан айыктыра турган 150 долларлык эксклюзивдүү дарылар боюнча "атайын" сунуш жиберип турган. Анткен менен дүйнөдө бул илдетти айыктыра турган дары жок.

Check Point келген каттардагы жана сайттардагы орфографиялык каталарды текшерип, элди кыраакы болууга чакырды.

Ал арада дүйнөнү кооптондуруп жаткан бул вирус менен күрөшүү жолдору изделип жатат. Британиялык окумуштуулар вакцина иштеп чыгуу үчүн акча алып коронавирус жуктурууга даяр ыктыярчыларды издөөдө.