Франциянын маданият министри коронавирус жуктуруп алды

Ристер вирусту парламенттин төмөнкү палатасына барган кезде жуктуруп алышы мүмкүн экени айтылды. Себеби парламенттин беш депутаты ооруп калганы аныкталган.
Sputnik

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Франциянын маданият министри Франк Ристер COVID-19 коронавирусун жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу "Франс Пресс" жазды.

"Министрдин анализи анын организминде вирус бар экенин көрсөттү", — деп айтылат маалыматта.

Коронавируска шектелгендер менен байланышкан Трамп анализ тапшырган жок
Ристер вирусту парламенттин төмөнкү палатасына барган кезде жуктуруп алышы мүмкүн экени айтылды. Себеби парламенттин беш депутаты ооруп калганы аныкталган. Министр буга чейин ал жакка бир нече ирет барган.

"Франс Пресс" жазганына караганда, министр учурда өзүнүн Париждеги үйүндө жатат, абалы канааттандырарлык.

Акыркы маалыматтар боюнча, Францияда коронавирус жуктургандардын саны 1412ге жетти. Ал эми 25 киши вирустун кесепетинен каза тапкан.