Евро өсүп, рубль дагы деле сомдон төмөн болууда. 10-мартка карата маалымат

Акыркы күндөрү евро менен доллар рублге карата кымбаттап кетти. Ал эми сомдун баасы рублден дагы жогору болууда. Буга нефтиге болгон баа түшүп кетиши себепкер.
Sputnik

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкекте евронун баасы өсүп, алтын куймалары арзандады. Ал эми күйүүчү майдын баасы мурдагыдай эле.

Маалымат Valuta.kg, Улуттук банк менен нефтетрейдерлердин сайттарынан алынды. 

Евро өсүп, рубль дагы деле сомдон төмөн болууда. 10-мартка карата маалымат

Евронун расмий баасы 93 тыйынга өстү (79.12 сом), банк жана акча алмаштыруучу жайлардан сатып алуу 19 тыйынга (80.29 сом) кымбаттады. Ал эми сатуу — жети тыйынга төмөндөдү.

Рублди сатып алуу 89дан 95 тыйынга (0.934 тыйын) чейин, сатуу 1 сомдон жогору болууда.

Алтын куймалар 25 сомдон (бир граммдык) 2580 (100 граммдыгы) сомго чейин арзандады.

Рубль мунай баасынын түшкөнүнөн улам арзандап кетти
Беш жыл мурда Кыргызстандын Улуттук банкы кыргызстандыктар инвестиция жасап же сакташы үчүн алтын куймаларды сатыкка чыгара баштаган. Жалпы жонунан куймалардын алты түрү бар — салмагы 1 граммдан 100 граммга чейин.

Республиканын башкы банкы алтын куймаларды сатып гана тим болбостон сатып дагы алат. Сатуу жана сатып алуунун баасы күн сайын коюлат жана ал Баалуу металлдар боюнча Лондон ассоциациясынын кечки фиксингине жараша аныкталат. Демек, баанын өзгөрүшүнөн пайдаланып акча таап алса болот.

Кечээ күнү рублдин баасы төмөндөп кетти. Буга нефть рыногундагы кырдаал себеп болду. Тагыраагы, нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (ОПЕК+) келишимдери ишке ашпай, Brent жана WTI үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы 30 пайызга түшүп кетти.

Түндө нефтиге болгон баа аз-маз калыбына келгендей болду. Бишкек убактысы боюнча саат 9.00дө Forex рыногунда доллар баасы 74,21 рубль, евро — 84,63 рубль болду.

Москва биржасы өз ишин Бишкек убактысы боюнча саат 13:00дө баштайт.