Балага түйүлдүк кезинен тарта сый, урмат менен мамиле кылып башташ керек. Мунун биринчи кадамы катары ата-эне балалуу болууга олуттуу даярданып, наристенин психологиясы, анын өнүгүүсү тууралуу маалыматтарды топтоп, камынышы зарыл. Бул тууралуу Перизат Асылбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, чүрпө дүйнө жана башка адамдар тууралуу маалыматты ата-энесинин мамилеси аркылуу кабыл алат.
"Бала түйүлдүк кезинен баштап бир жашка чейинки аралыкта өзүн-өзү баалоосунун базалык бөлүгү калыптанат. Жашоодогу өзүнө болгон кийинки мамилеси да ушул базадан көз каранды. Андыктан кош бойлуу аял менен түйүлдүк эмоционалдык жактан абдан чиеленишкен байланышта болот. Эне ыйлабай, капаланбай жүрүп төрөсө бала да тынч уйкулуу, дени сак төрөлөт. Наристеге түйүлдүк кезинен тартып эле атасы менен болгон байланыш абдан маанилүү. Ал мунун баарын энеси аркылуу алат. Андыктан аял кош бойлуу кезинде күйөөсү ага кам көрүп, көбүрөөк жанында болгону жакшы. Керек болсо эркек жыты аркылуу курсактагы баласына оң таасир тийгизет. Мунун баары баланын келечекте ийгиликтүү инсан болуп калыптанышын шарттайт", — деди Асылбаева.
Психолог балага түйүлдүк кезинен тарта эле мээримден сырткары коопсуздугун коргоп мамиле жасаса ачык-айрым, оюндагысын жашырбай айта алган бала болуп төрөлөрүн кошумчалады.