Стамбулдан келген кыргызстандык жарандын дене табы көтөрүлүп карантинге алынды

Жаран аэропорттон Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жеткирилген. Анын коронавируска кабылган-кабылбаганын аныктоо үчүн биринчи анализ алынган.
Sputnik

Япониядагы лайнер: Бишкекке келген кыргызстандык жигиттин анализи чыкты
БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Дене табы көтөрүлүп Стамбулдан келген кыргызстандык жаран карантинге жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен кабарлашты.

Жаран анализ тапшырган, жыйынтыгы коронавирус жок экенин көрсөткөн. Ал Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасына жаткырылды, ал жакта 14 күндүк карантинде болот. 13-күн өткөндөн кийин кайрадан анализ тапшырат.

Жарандын учурдагы абалы канааттандырарлык. Дене табы — 36,6 градус.