КРде айдоочулук күбөлүк арзандап, автоунааны каттоо жеңилдеди

Мамлекеттик каттоо кызматы "Унаа" мекемесинин эки кызматы эмне себептен арзандаганын түшүндүрүп берди.
Sputnik

БИШКЕК, 9-фев. — Sputnik. Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алуу кызматы жана автоунааны кайра каттоо арзандады. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Жалпы жарандык паспорту жоктор КРге кантип кирет? Өкмөттүн түшүндүрмөсү
Билдирмеге ылайык, эми жарандар айдоочулук күбөлүктү мурдагыдай 724 сомго эмес, 540 сомдон (банктын комиссия акысын кошкондо) алып башташат.

Ал эми автоунааны мурдагыдай 1900 сомдон эмес, 1716 сомго кайра каттатса болот.

Адатта автоунаа каттатып жатканда кыймылдаткычынын көлөмү жана чыккан жылына өзүнчө салык төлөнөт. 1716 сом андан сырткаркы баа.

Эгер автоунааны бир райондогу каттоодон чыгарып, башка райондон каттатса, бул кызмат акысыз болот. Буга чейин 184 сом төлөнүп келген.