Адис сөзсүз муздаткычта сактала турчу суусундуктарды атады

Сыра же винонун ачылган бөтөлкөлөрүн бөлмө температурасында сактаган оң. Себеби курамындагы алкоголь микроорганизмдерден коргойт.
Sputnik

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Испаниядагы азык-түлүк коопсуздугу боюнча коомчулуктун мүчөсү Роза Мария Урдиалес кайсы суусундуктарды сөзсүз түрдө муздаткычта сактоо керектиги тууралуу маалымат берди.

Кандай тамактар мээге зыян? Окумуштуулардын изилдөөсү
Анын айтымында, сүт азыктарынан сырткары соя, миндаль жана күрүчтөн жасалган протеиндик суусундуктар ар дайым муздаткычта сакталышы керек. Себеби алардын курамында белок көп болгондуктан бактериялардын көбөйүшүн шарттайт.

Адис белгилегендей, оозу ачылып калган соктор дагы ар дайым муздаткычта сакталып, беш күндөн ашык турбашы керек. Ал эми жаңы сыгылган соктор эки күн гана чыдайт.

Сыра же винонун ачылган бөтөлкөлөрүн бөлмө температурасында сактаган оң. Себеби курамындагы алкоголь микроорганизмдерден коргойт.