Казакстанда дагы феминисттердин жүрүшү болуп өттү. Видео

Активист кыз-келиндер бир нече квартал басышты. Алар Кылмыш кодексине үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндө берене киргизүү жана сексуалдык ыдык көрсөтүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алууну талап кылышты.
Sputnik

Бүгүн, 8-март күнү, Алматыда феминисттер жүрүшкө чыкканын Sputnik Казакстан жазды.

Акция эртең менен башталып, ага 50дөй адам катышты.

"Активист кыз-келиндер бир нече кварталга басып, "Менин денем — менин ишим", "Аялдардын эркиндиги үчүн" деген сыяктуу лозунгдарды көтөрүп чыгышты", — деп жазды агенттик.

Катышуучулардын бири анын максаты — сексуалдык ыдык көрсөтүүгө каршы мыйзам кабыл алуу жана Кылмыш кодексине үй-бүлөлүк зомбулук жөнүндөгү берене киргизүү экенин айтты.

Феминисттер маршынын катышуучулары эмнеге кармалды? Бишкек милициясынын жообу
"Укук коргоо органдары жүрүштүн уюштуруучуларына каршы административдик чара көрүшү мүмкүн. Бирок Алматынын полициясы кырдаалга комментарий бере элек", — деп айтылат маалыматта.

Бишкекте дагы феминисттердин жүрүшү пландалган, бирок аны өткөрүүгө жол берилген жок. Алгач акцияны 30га чукул белгисиз адамдар келип токтотууга аракет жасашты, ортодо ызы-чуу жаралгандыктан милиция келип марштын катышуучуларын автобустарга салып кетти.