Жулунуп-жулкунуп, сөөмөй кезеген "Тайсон". Көз караштар таймашынын видеосу

Аралаш мушташ боюнча турнир бүгүн, 6-мартта, Астана шаарында өтөт. Кыргыз мушкери 61 килограмм салмакта октагонго чыгат.
Sputnik

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Тайсон каймана аты менен таанымал кыргызстандык мушкер Канат Келдибеков Казакстанда өтө турган ACA 105 турниринин алкагында бразилиялык атаандашы Уолтер Перейра менен көз караштар таймашына катышты.

Видео Instagram тармагындагы спорттук пабликтерге жүктөлдү.

Аралаш мушташ боюнча турнир бүгүн, 6-мартта, Алматы шаарында өтөт. Кыргыз мушкери 61 килограмм салмакта октагонго чыгат.

Бир күндө 4 мушкерди жеңген "Тайсон": беттеште уулум эң чоң мотивация болду
Эске сала кетсек, ушул эле турнирде "Тайсон" казакстандык спортчу Нурберген Шарипов менен беттешмек. Бирок ал жаракат алып калганына байланыштуу турнирден четтетилген.

Анын ордуна бразилиялык мушкер менен кармашууга макулдугун берген. Перейра ММА боюнча 14 беттешти утуп, үч ирет жеңилген.

Келдибеков соңку беттешин былтыр 29-ноябрда Астана шаарында болгон ACA 102 турниринде өткөрүп, казакстандык Алтынбек Жуманулыны калыстардын чечими менен утуп алган. ММА боюнча 16 беттешти утуп, төрт ирет жеңилген.