БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Бишкекте балалуу аялды жулкулдаткан №185 маршрутканын айдоочусу иштен убактылуу четтетилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Эске салсак, кечээ, 5-мартта, күбө маршруткага коляскасы менен кирген балалуу аялды айдоочу "көп орунду ээлеп жатасың" деп транспорттон жулкулдатып түшүрүп салганын айтып, видеосун жиберген. Анын айтымында, аныгында коляска эч кимге жолтоо болгон эмес, себеби бүктөлүп бурчта турган. Аял өзү дагы орундукта отурбай, туруп турган.
"Шаардык транспорт башкармалыгынын кызматкерлери айдоочуну тапты. Учурда айдоочу жана "ТрансГруппКоммуникейшн" фирмасынын жетекчилери менен териштирүү иштери жүрүүдө. Тергөө амалдары аяктаганча айдоочу иштен четтеп турат", — дешти мэриядан.
Коомдук транспорттун иши боюнча маселе жаралса, шаар тургундары төмөнкү номерлер аркылуу кабарлай алышат:
- Бишкек мэриясынын алдындагы Шаардык транспорт башкармалыгы — 0703075727;
- Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгы — 0559733866;
- Бишкек шаардык жүргүнчү ташуу автотранспорттук ишканасы — 0553 022 753, 0772 173 743 (WhatsApp).