Жээнбеков шайлоого карата шаарларда катталгандардын көбөйгөнүнө тынчсызданууда

Айылдык кеңештерге бардыгы болуп 375 депутат шайланат, 142 мандатка аялдар ээ боло алат. Шайлоо өнөктүгү 12-апрелге белгиленген.
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 5-мартта, Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.

Алар парламенттин жана жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого карата даярдыктын жүрүшүн талкуулашкан. Президент шайлоо кампаниясына бардык саясий партиялардын катышуусун жана аларга бирдей шарт түзүүнү камсыздоо керектигин белгилеген.

"Сооронбай Жээнбеков айрым шаарларда жарандардын массалык түрдө каттоого туруп жатканына тынчсызданууда. Мамлекет башчы мындай фактыларга укук коргоо органдары тиешелүү баасын бериши керектигин белгиледи", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоону өткөрүүгө бардык даярдык иш-чаралар мыйзамдарга ылайык өтүп жатканын билдирди.

Ээсине айтпай бир үйгө 1000 киши каттаган. Шайлоо алдындагы мыйзам бузуулар
"Шайлоо мезгилинде мыйзамдуулукту камсыз кылуу жана мыйзам бузууларга каршы аракеттерди көрүү үчүн укук коргоо органдарынын катышуусунда аймактарда жыйындар өтүп жатат. 22 саясий партиянын ат салышканы өлкөдөгү шайлоо процессинин атаандаш жана демократиялуу болушунун күбөсү", — деди Шайлдабекова.

Айылдык кеңештерге бардыгы болуп 375 депутат шайланат, 142 мандатка аялдар ээ боло алат.

Эске салсак, буга чейин шаардык кеңештердин шайлоосуна карата жарандар шаарларга массалык түрдө каттоого туруп жатканы аныкталган.