Майрамдын шаңы менен айрым депутаттар жыйынга калпак кийип келишти. Сүрөттөр

Ак калпак жана улуттук кийимдер күнүн майрамдоодо мырзалардын күн бою ак калпак кийип жүрүшү салтка айланган.
Sputnik

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Бүгүнкү Ак калпак күнүнө карата Жогорку Кеңештин айрым депутаттары жыйынга калпак кийип келишти.

Белгилей кетсек, Ак калпак майрамы Кыргызстанда 2011-жылдан бери майрамдалып келет. 2016-жылы Жогорку Кеңеш 5-мартты Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү деп расмий бекиткен. Бул майрамга карата мырзалардын күн бою ак калпак кийип жүрүшү салтка айланган.

Дүйнө кыдырган ак калпак. Чет элдик атактуулар, кыйындар кийип түшкөн сүрөттөр
Парламенттин жалпы жыйынында тогуз депутаттын калпакчан отурганын көрүүгө болот. Алар: Мирлан Бакиров, Зиядин Жамалдинов, Дастан Бекешев, Бактыбек Турусбеков, Тазабек Икрамов, Пархат Тулендыбаев, Кожобек Рыспаев, Алтынбек Сулайманов жана Исхак Пирматов.

Кыргыздардын ак калпагын жасоо өнөрү жана кийүү маданияты ЮНЕСКОнун маданий мурастар тизмесине кирген.

Ак калпак жөнүндө кеңири маалыматты Sputnik даярдаган инфографикадан көрүңүздөр.