Океан, Лексус... Кыргызстанда ымыркайларга коюлган сейрек ысымдардын тизмеси

Мамлекеттик каттоо кызматы өткөн жылы Кыргызстан боюнча 173 миң 500 бөбөккө туулгандыгы тууралуу күбөлүк берген.
Sputnik

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Былтыр Кыргызстанда туулган бөбөктөргө сейрек кездешүүчү Океан, Лексус, Океана, Ай-София деп аталган ысымдар ыйгарылган. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан кабарлашты.

Аталган ведомство кыздардын арасында сейрек кездешкен Жамайка, Жаңыл Мырза, Миңгүл, Ай-Күн, Океана, Ай-София, Луна, Көркөмай, Чачыке, Ветта, Умара, Таттыбүбү ысымдары коюлганын билдирди.

Кыргызстанда 142 эркек ажырашкан аялына алимент төлөтүп жатат
Ал эми эркек балдарга Айюб, Абу Бакр, Байилим, Эртөштүк, Чыракбек, Чыңгызхан, Үрүстөм, Ийгилик, Рудольф, Океан, Лексус, Баласагын, Ахиллес, Аль-Фатих ысымдары ыйгарылган.

Умар жана Раяна аттары бир нече жылдан бери улам-улам коюлуп келе жатканы белгилүү болду.

Ал эми ысымдардын эң көп коюлган бештигине — Алинур, Алихан, Нурислам жана Али кирген. Кыздарга Амина, Алия, Айлин, Фатима көп коюлган.

Мамлекеттик каттоо кызматы 2019-жылы 173 миң 500 бөбөккө туулгандыгы тууралуу күбөлүк берген.

Алардын ичинен жарымынан көбү эркек балдар (51,2 пайызы), ал эми азыраагы (48,8 пайызы) кыздар экендиги айтылды.

Буга чейин 2019-жылы Кыргызстанда никеге тургандар менен ажырашкандардын саны туурасындагы маалымат жарыяланган.