БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. 8-март Кыргызстанда Аялдардын эл аралык күнү катары белгиленип келет.
Эмгек кодекси боюнча, майрам дем алышка туура келсе дүйшөмбү эс алуу күнү болуп саналат. Бирок буга чейин 9-марттагы эс алуу күнү өкмөттүн токтому менен 3-январдагы иш күнүнө которулган болчу. Мындан улам 9-март күнү кыргызстандыктар кадимкидей ишке чыгышат.
Эске салсак, Жаңы жылды белгилөөгө байланыштуу кыргызстандыктар 1-январдан 7-январга чейин эс алышкан.
Алдыдагы эки майрамга карата ооруканалар менен бейтапканалар кандай иштей турганын материалдан караңыздар.