Sputnik агенттиги бул жолу Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын студенттери жана окуу жайдын мугалими Нурида Касымбекованын жакшы ишке себепкер болгонун сиздер менен бөлүшкүсү келет.
Аталган окуу жайда билим алган студенттердин Бишкектеги Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы бөлүмүндө дарыланып жаткан бөбөктөрдүн, алардын ата-энелеринин азабын аз да болсо жеңилдетүү максатында кайрымдуулук иш-чарасын уюштурушканын угуп, жүрөк кубанды.
Бул жактагы наристелер турмуштун кыйын сыноосуна кабылып турган чагы. Ал эми мындай балдардын ата-энелеринин азабын айтпасак да белгилүү. Булардын кудайдан күнү-түнү жалынып-жалбарып сураганы — чүрпөсүнүн сакайып кетиши, амандыгы.
Аталган иш-чарадан 110 миң сом чогулган. Ал акчаны алган демилгечилер түз эле ректоратка кайрылып, "ата-энелерге кандай жардам кылсак жеңилин жерден алган болобуз?" деп сурап, билип берүүсүн өтүнүшөт.
Учурда балдардын онкологиялык бөлүмүндө инфузомат жабдыгы жетишсиз болуп, мунун аркасынан ата-энелер кезекке туруп, балдар убагында химиялык дарылануусун алалбай жатышканы белгилүү болот.
Баасы 35 миң сом турган инфузомат аппаратын химиялык дарылоо учурунда бейтаптын эки колуна тең коюу керек. Ошондо бир бейтапка эки жабдык керектелет экен.
Студенттер 110 миң сомго үч жабдык алып берип, ата-энелердин ыраазычылыгын алышкан.
Бул иштин сүйүнтчү дагы бир жери — кайрымдуулукту студенттердин жасаганында. Улан-кыздардын капчыгы жука болсо да жүрөгү кенен болгонун белгилегим келип турат. Алгылыктуу ишке жол көрсөткөн, жакшылыктын көзүн ачып берген мугалимдер көп болсо, келечек жаштарына үмүт артыла берери анык иш.
Жарыгыбызды чача жүрөлү...