Кыргызстандын карызы беш кредитордун алдында өстү. График

2018-жылдын аягында Кыргызстан 21 мамлекет жана эл аралык уюмга карыз болчу. Ал эми былтыркы жылдын жыйынтыгы менен алардын тизмесине Европа инвестициялык банкы (карыз — 11,2 миллион доллар) кошулду.
Sputnik

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. 2019-жылы Кыргызстандын тышкы карызы беш кредитордун алдында көбөйдү. Мындай бүтүмгө Финансы министрлигинин сайтындагы маалыматтарды карап чыккан соң келүүгө болот. 

Өткөн жылы тышкы карыз 25 миллион долларга көбөйүп, 3 миллиард 825,7 миллион долларды түзгөн.

2018-жылдын аягында Кыргызстан 21 мамлекет жана эл аралык уюмга карыз болчу. Ал эми былтыркы жылдын жыйынтыгы менен алардын тизмесине Европа инвестициялык банкы (карыз — 11,2 миллион доллар) кошулду. Аны санабаганда, Кыргызстандын карызы беш кредитордун алдында өсүп, калгандарында кыскарды.

Көбөйгөн карыз:

  • Кытайдын "Эксимбанкы" — 59 миллион 150 миң доллар;
  • "Ислам өнүктүрүү банкы" — 13 миллион 30 миң;
  • "Евразия өнүктүрүү банкы" — 4 миллион 780 миң;
  • Айыл чарбаны өнүктүрүү боюнча эл аларык фонд — 4 миллион 270 миң;
  • Сауд өнүктүрүү фонду — 1 миллион 910 миң.

Ал ортодо ички бересе дагы төрт эсеге жогорулап кетти.