Митингди кууп таратуудан канча киши жабыркаганы айтылды

Саламаттык сактоо министрлиги укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин арасынан 19 киши жабыркаганын билдирсе, ИИМ 24 адам тууралуу айтууда.
Sputnik

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкекте 2-мартта өткөн митингде жалпысынан 22 адам ар кандай жаракат алып, ооруканаларга кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Алардын арасынан 19 киши укук коргоо органдарынын кызматкерлери.

"Жалпысынан 22 киши кайрылды. Алардын ичинен үчөө жөнөкөй жарандар. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн соң 21 киши амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Баш мээси чайкалган жана мойну жабыркаган бир милиция кызматкери Улуттук госпиталга жаткырылды. Абалы канааттандырарлык", — деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, митингде жабыркаган кызматкерлердин саны 24кө жеткен.

Жапаровду колдогондордун кууп таратылган митинги

Аялдар Ак үйдүн дарбазасын каккылап... Бишкектеги митингдин баштан-аяк видеосу
2020-жылдын 2-мартында экс-депутат Садыр Жапаровдун боштондугун талап кылгандар Бишкек шаарынын чок ортосунда митинг өткөргөн. Саат 10дордон тарта эле чекесинен чогулуп отуруп, митинг 13:00дөр чамасында башталган. Анда чыгып сүйлөгөндөр саясатчыны бошотуу талабынан сырткары бийликти сындаган пикирлерин айткан. Алардын ичинен 10 кишиден турган топ президент Сооронбай Жээнбековго жолугуу үчүн барып, бирок аппараттын кызматкери менен сүйлөшкөндөн кийин кайра келген.

Ал арада чогулган элдин бир тобу кээ бир уюштуруучулардын кебине кулак салбай Ак үйдү көздөй жөнөгөн. Ал жерден милиция менен тирешип калган. Бирок милиция демонстранттарды "Ала-Тоодон" басымы жогору суу, жаш агызуучу газ колдонуп сүрүп чыгарган. Эл каршылык көрсөткөнү менен күчү жетпей качып жөнөгөн. Алардын кээ бирлерин милиция кармап кеткен. Ал эми митингдин уюштуруучулары болгон Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровду, Каныбек Осмоналиевди жана Амангелди Артыковду УКМК кармаган.

Митингчилер кантип кууп таратылганы Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясында кеңири баяндалган.