Базарлар дезинфекцияланды. Санэпидемстанциянын коронавируска каршы иш-чаралары

Көңүл сыртында коомдук транспорт дагы калган жок. Борбордун адистери күндө эл ташып иштеген коомдук транспорттордун тазалыгын жана айдоочулардын саламаттыгын текшерип жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкек шаары боюнча мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору калаадагы айрым мектеп, коомдук тамактануу жайлары жана мечиттерде "КРВИ, грипп жана коронавирус инфекциясын алдын алуу" темасында түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Мындан тышкары, алар "Ош", "Аламүдүн" базарларында, Жумушчулар шаарчасында жайгашкан №5 муниципалдык мончосунда дезинфекциялоо иштерин жүргүздү.

Көңүл сыртында коомдук транспорт дагы калган жок. Борбордун адистери күндө эл ташып иштеген коомдук транспорттордун тазалыгын жана айдоочулардын саламаттыгын текшерип жатат.

"Күн сайын эл ташуу үчүн 1700 айдоочу ишке чыгат. Алардын абалын карап турчу 29 наркологиялык пункт учурда айдоочулардын дене табын дагы өлчөөдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Адистер айдоочуларга транспортту таза кармап, жүргүнчүлөрдүн тыгылып түшүп алуусуна жол бербөөгө чакырды.

Коронавирус тууралуу

Япония: лайнердеги кыргызстандык жигит ооруканадан чыгарылды
Кытай бийлиги 2019-жылдын 31-декабрында Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна (ДСУ) өлкөнүн борбордук бөлүгү Ухань шаарында белгисиз пневмония оорусу күч алганын билдирген. Адистер оорунун козгогучу коронавирус nCoV 2019 экендигин аныктап, эл аралык деңгээлдеги өзгөчө кырдаал деп жарыялаган.

Акыркы маалыматтарга караганда, вирусту дүйнө жүзү боюнча 90 936 адам жуктуруп алды. Алардын ичинен 3 117 киши каза таап, 47 995 киши сакайып кетти.