Өзгөн: коронавирус боюнча жалган маалымат таркаткан медайым иштен алынды

Иликтөө учурунда медайым элге жалган маалыматты атайылап таркатпагандыгы аныкталган. Факт Жоруктар кодексинин 43-беренеси боюнча каттоого алынды.
Sputnik

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Өзгөн райондук ооруканасында иштеген медайым коронавирус боюнча жалган маалымат тараткандыгына байланыштуу кызматынан бошотулду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Коронавирустан корккон Иран тургундары оорукананы өрттөп салышты. Видео
Эске салсак, өткөн жумада социалдык тармактарга Ош облусуна караштуу Өзгөн районунда коронавирус жуктурган адамдар аныкталганы боюнча маалымат тарап кеткен. Кийин муну Саламаттык сактоо министрлиги төгүндөгөн.

Аширбаевдин айтымында, иликтөө учурунда медайым элге жалган маалыматты атайылап таркатпагандыгы аныкталган.

"Кызматкер жашы жете элек кызына коронавирус боюнча аудио билдирүү жиберген. Ал эми кызы ал билдирүүнү досторуна таркатып салган. Саламаттык сактоо министрлиги медайымды иштен алуу чечимин кабыл алды", — деди Аширбаев.

Факт Жоруктар кодексинин 43-беренеси ("Этибарга албай маалымат таркатуу") боюнча каттоого алынды.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери