Токиодогу Олимпиада көрүүчүсү жок өтүшү мүмкүн

Япония Олимпиаданын даярдык иштерине 12 миллиард долларга жакын каражат сарптагандыктан, оюндарды өткөрүүдөн баш тартпай турганы белгиленди.
Sputnik

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. 2020-жылы Токиодо боло турчу жайкы Олимпиада оюндары көрүүчүсү жок өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Daily Mail жазды.

Түштүк Корея коронавирусту жайылткан сектанын лидерлерин сотко берди
Маалыматка караганда, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму менен спорт федерацияларынын жетекчилери коронавирустун жайылып жатышына олуттуу мамиле жасап, кабатыр болушууда. Буга байланыштуу Олимпиада оюндарын теледен гана көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүү маселеси каралып жатат.

Мындан сырткары, жылдын негизги спорттук иш-чарасы Токиодон башка шаарда өтүшү мүмкүн экени айтылды.

Ошондой эле Япония Олимпиаданын даярдык иштерине 12 миллиард долларга жакын каражат сарптагандыктан, оюндарды өткөрүүдөн баш тартпай турганы белгиленди.