БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Борбор калаадагы "Ала-Тоо" аянтына митингге чыккан Садыр Жапаровдун тарапташтары коронавирустун алдын алуу чараларын күчөтүү талабын дагы коюшту.
Акциянын уюштуруучуларынын бири Бакай Кашкарбаев митингге келгендердин негизги талаптарын санап берди:
- Амнистия колдонуу менен Садыр Жапаровду бошотуу;
- Сапаттуу соттук реформа жүргүзүү;
- Насыяларды жеткиликтүү кылуу;
- Чек ара маселесин чечүү;
- Коронавирустун алдын алуу чараларын күчөтүү.
Садыр Жапаровдун иши
Экс-депутат Садыр Жапаров 2013-жылы октябрда Кумтөр маселесине байланыштуу Караколдо болгон митингде ошол кездеги Ысык-Көлдүн губернатору Эмилбек Каптагаевди барымтага алууну уюштурган деп айыпталып, 2017-жылы 10 жылга кесилген.
Жапаров өткөн жылдын октябрь айында президент Сооронбай Жээнбековго ырайым сурап кайрылган. Өлкө башчы жыл жыйынтыктаган маалымат жыйынында бул маселе каралып жатканын айткан болчу.