Чемпион Улукбек Нарындын ардактуу атуулу болуп, белекке BMW X5 алды

Балбанды кичи мекенинде бийлик өкүлдөрү, туугандары, достору жана спорт сүйүүчүлөрү шаң менен тосуп алды.
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Эркин күрөш боюнча Азия чемпиону Улукбек Жолдошбековду кичи мекенинде жердештери салтанат менен тосуп алды.

Чемпион Улукбек Нарындын ардактуу атуулу болуп, белекке BMW X5 алды

Иш-чара Нарын шаарынын Турдакун Усубалиев атындагы борбордук аянтында бүгүн, 28-февралда, өттү. Анда өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Эмилбек Алымкулов балбан Улукбек Жолдошбековго "Нарын облусунун атуулу" төш белгисин тапшырды.

"Сенин жараткан ийгилигиңе бүтүндөй кыргыз журту кубанып турат. Алдыда боло турган Олимпиада оюндарынын чемпиону болушуңду каалайм", — деп куттуктады Алымкулов.

Облус жетекчиси балбандын биринчи машыктыруучусу Мирбек Акаевге да белектерди тапшырды.

Чемпион Улукбек Нарындын ардактуу атуулу болуп, белекке BMW X5 алды

Андан тышкары, Жолдошбековго демөөрчүлөр 400 миң, Нарын шаардык кеңеши менен мэриясы 100 миң, спорт мектептери тарабынан 70 миң сомдун сертификаттары берилди. Ал эми жеке ишкерлер BMW X5 үлгүсүндөгү автоунаасын тартуу кылды.

Чемпион Улукбек Нарындын ардактуу атуулу болуп, белекке BMW X5 алды

Эске сала кетсек, балбан 23-февралда Нью-Делиде өткөн чоңдор арасындагы Азия чемпионатында 61 килограмм салмактагылар арасында биринчи орунду алган. Андан мурдараак жаштар арасында дүйнө чемпиону болгон.