Министрлик: коронавирус кооптуулугунан улам жума намазга аз барыңыздар

Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги кыргызстандыктарды эл көп топтолгон жерге барбай турууну сунуштаган эле.
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Коронавирус кооптуулугунан улам жума намазга баргандардын санын азайтуу керек. Бул туурасында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев маалымат жыйында айтты.

Министр буга чейин кыргызстандыктарга кооптуулуктан улам эл көп топтолгон жерге барбай турууга кеңеш берилгенин кошумчалады. Аны менен катар эле муфтиятка жума намазга баргандардын санын азайтуу туурасында айтылган.
"Элди көп санда топтобош үчүн варианттарды талкуулайбыз. Биз тыюу салыш керек деп айткан жокпуз, бирок үйдөн окуп турууга болот. Биз Саламаттыкты сактоо министрлиги катары сунуштап жатабыз", — деди Чолпонбаев.
Акыркы маалыматтарга караганда, Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктуруп алган учур жок.
Бирок Япониядагы лайнерде бир кыргызстандык жарандын аталган вирусту жуктуруп алганы айтылды.