Кытайда коронавирус жуктуруп алгандардын дээрлик теңи айыкты

Кыргызстанда вирустун жайылышын алдын алуу максатында республикалык штаб түзүлүп, чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат.
Sputnik

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кытайда коронавирустун жаңы түрүн жуктуруп алгандардын 46 пайызы айыгып, ооруканадан чыгарылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттык сактоо мамлекеттик комитетине таянып РИА Новости жазды.

Кимге ишенебиз? Италиядан келип карантинге алынбаган аял окуянын чоо-жайын айтты
Акыркы маалыматтар боюнча, Кытайда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 78 824 адам болду. Анын 36 117си сакайган, бул жалпы сандын 45,8 пайызын түзөт. Ушу тапта ооруканаларда дагы 39 919 бейтап дарыланып жатат.

Вирус жалпы жонунан 2788 адамдын өмүрүн алды.

Кыргызстанда вирустун жайылышын алдын алуу максатында республикалык штаб түзүлүп, чек арадагы көзөмөл-өткөрүү пункттары күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Азыркы учурда Кытай, Түштүк Корея, Иран, Япония жана Италиядан келген жарандар 14 күндүк карантинден өтүүдө.

Биз анализ тапшыра турган лабораториялар тууралуу маалымат чогулттук. Баасы, дареги, телефон номерлери