Владимир Путин Сооронбай Жээнбековду Кремлден тосуп алды

Учурда кыргыз-орус тарап тар чөйрөдө жолугушуп жатат. Алар бир саатка жакын сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Андан соң Кыргызстандын президенти Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Дмитрий Медведев менен жолугат.
Sputnik

МОСКВА, 27-фев. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков менен Кремлден жолукту. Тараптар тар чөйрөдө сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

"Биздин мамилелер бардык тараптан өнүгүп жатат. Россия Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү болуп эсептелет. Соода жүгүртүү көлөмү менен инвестиция тууралуу ар дайым сүйлөшө турган сөз бар", — деди Путин.

Россиянын президенти эки өлкөнүн башчылары тез-тез жолугуп жатканын белгилеп, бул нерсе 2020-жылы дагы уланарына ишенерин айтты.

Ал эми Сооронбай Жээнбеков акыркы эки жылда орус-кыргыз кызматташуусу кыйла активдешкенин белгиледи.

"2018-жылы Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келгениңизде бир катар келишимдерге кол коюлган. Бул нерсе бардык жаатта иштин жүрүшүнө өбөлгө түздү", — деди Жээнбеков.

Ал ошондой эле Россия Кыргызстандын ЕАЭБдеги негизги өнөктөшү экенин кошумчалады.

Кечинде Кыргызстан менен Россиянын кайчылаш жылынын ачылыш аземи болот. Анда эки президент тең сөз сүйлөйт.