Министрлик Италиядан келгендер эмне үчүн карантинге алынбаганын түшүндүрдү

Бүгүн, 27-февралда, депутат Жыргалбек Турускулов Италиядан келген жарандарды карантинге киргизбей коё берип жатканын айтып, нааразы болгон.
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Саламаттыкты сактоо министрлиги коронавирус күч алып жаткан Италия мамлекетинен келген жарандардын карантинге киргизилбегендиги боюнча Жогорку Кеңештин депутатынын айыптоосуна жооп кайтарды.

Эске салсак, бүгүн, 27-февралда, депутат Жыргалбек Турускулов Италиядан келген жарандар карантинге киргизилбей жатканын айтып, нааразы болгон.

Министрликтин маалыматына караганда, 25-февраль күнү Республикалык инфекциялык ооруканага Италиядан келген эки жаран өздөрү кайрылган.

"Дарыгерлер дароо анализ алып, тиешелүү аракеттерди көргөн. Алардын канынан коронавирус табылган эмес, дене табы калыбында, өздөрүн жакшы сезип жатат. Мындан улам алар үйлөрүнө жиберилген жана дарыгердин көзөмөлүндө болушмакчы", — деп айтылат билдирүүдө.
Италиядан ошол эле 25-февраль күнү келген дагы бир жаран ооруканага бүгүн, 27-февралда, кайрылган. Аны дагы жогорудагыдай процедуралардан кийин үйүнө жиберишкен.

Министрлик күн сайын дүйнөдөгү абалга көз салып турарын, 24-февралдан тарта коронавируска байланыштуу кооптуу өлкөлөрдүн катарына Түштүк Корея, Япония жана Иран киргизилгенин маалымдады. Ал эми Италия тизмеге 25-февраль күнү кирген.