"Шайтанды кубалайбыз". Индияда бир жаштагы бөбөк менен итти үйлөнткөн окуя

Индиянын сантал уруусундагы бала менен итти үйлөнтүү адаты жергиликтүү элдин ырымынан улам жасалгандыгы айтылган.
Sputnik

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Индиянын Орисса штатында шайтан-шабырды кууйбуз деп бир жашар бала менен итти үйлөндүрүшкөн. Бул тууралуу Daily Star басылмасы жазды.

23-февралда Индиядагы Бариян кыштагында сантал уруусунун эли бир жаштагы эркек бала менен ит баш кошту деп салтанат өткөрүп жаткан кадрлары тарап кеткен.

Бир да аялга жолобойм! Өлгөн сүйүктүүсүнө үйлөнгөн жигиттин видеосу
Анда кызыл-тазыл кийимчен эл барабандар кагылган үн менен салтанаттын "күнөөкөрлөрүн" тегеренип бийлеп жатканын көрүүгө болот.

Алардын адаты боюнча, баланын үстүңкү биринчи тиши жарылганда ушундай ырым өткөрөт.

Жергиликтүү калк бул шайтан-шабырды чакыргандыктан, аларды коркутуу үчүн бөбөктөрдү итке үйлөнттүк деп жакшы эмес күчтөрдү кууп кетирет.

Уруунун улууларынын айтымына караганда, бул болгону ырым-жырым. Бала эрезеге жеткенде өзүнүн түгөйүнө үйлөнө берет, бирок ит менен ажырашпайт.