Депутаттар Конституциялык палатанын үч судьясын шайлады

Талапкерлерди парламентке президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаган. Натыйжада депутаттар баарын колдоп беришти.
Sputnik

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Парламентте Конституциялык палатанын судьялыгына Макамбет Касымалиев, Латип Жумабаев жана Мээргүл Бобукееванын талапкерлиги жактырылды.

Аталган талапкерлерди президент Сооронбай Жээнбеков сунуштаган.

Жогорку соттун төрайымы: өзүм да уялам, чын эле судьялардын кадыр-баркы төмөндөдү
Шайлоо жашыруун өтүп, натыйжада Бобукеевага депутаттардын 109у макул болсо, үчөө каршы чыккан. Эми ал жаш курагы жеткенге чейинки мөөнөткө шайланды.

Ал эми Жумабаевдин талапкерлигине 113 депутат макул болуп, каршылар болгон жок. Ал жети жылдык мөөнөткө шайланды.

Касымалиевге да каршы чыккандар болгон жок. 112 парламентарий "макул" деген добуш берип, аны да жаш курагы жеткенге чейинки мөөнөткө шайлашты.

Андан соң Конституциялык палатанын судьялары депутаттардын алдында ант беришти.