Японияда планетанын эң кары адамы көз жумду

Буга чейин планетанын эң кары адамы деп Хоккайдо аралында жашаган Масадзо Нонака эсептелген. Ал 2019-жылы 113 жаш курагында көз жумган.
Sputnik

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Планетадагы эң кары адам, япониялык Ватанабэ Титэцу 23-февраль күнү 112 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү Киодо басылмасы жазды.

Дайым жаш болом десеңиз... Адистер карылыкты алдын алчу диетаны аташты
Титэцу Ниигата префектурасындагы карылар үйүндө жашап келген. Эки жумадай мурда, 12-февраль күнү ал Жер планетасындагы эң кары адам катары Гиннестин рекорддор китебине кирген.

Ватанабэ 1907-жылдын 5-мартында төрөлгөн. Ал 20 жашка толгондо үй-бүлөсү менен Тайванга көчүп кеткен. Ал жакта 18 жыл жашагандан кийин Японияга кайткан.

Буга чейин планетанын эң кары адамы деп Хоккайдо аралында жашаган Масадзо Нонака эсептелген. Ал 2019-жылы 113 жаш курагында көз жумган.